Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Отунбаева: Кайтыш болгон ар бир адамдын орду толгус


Экс-президент Роза Отунбаева. Архивдик сүрөт.
Экс-президент Роза Отунбаева. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева коронавирустан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Өз сөзүндө Отунбаева кайтыш болгон ар бир адамдын орду толгус экенин белгиледи:

«Дүйнө эми мурункудай болбойт. Ушул сөздү бүгүн ар бирибиз айтып калдык. Жакын адамдарын жоготкондор үчүн аалам астын-үстүн болду. Каруу-күчкө толуп турган курагында канча кымбат адамдарыбызды жоготуп алдык… Ар бир күндү: «Дагы ким, бүгүн канча адам экен?» деген сары санаа менен тосуп калдык. Күн сайын кайгылуу статистиканын ичинде биздин жакындарыбыз, досторубуз, тааныштарыбыз көбөйө баштады. Бу статистикага тоодой кайгы-капаны кантип батырабыз? Ар бир адамдын өмүрү өзүнчө, башкача эле да. Алардын орду толгус... Эми биз бу кайгыны көтөрүп жашагандан башка чарабыз жок. Кайгы-касирет адамдарды бириктирет экен, бул ачуу чындык. Биздин элибиз башка оор иш түшкөндө бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биригип күрөшүүнүн мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Жанын аябай, тобокелге салып бу илдет менен күрөшкөн дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын каармандыгына башымды ийип таазим кылам. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!».

30-июлга карата Кыргызстанда коронавирустан 1 364 адам каза болду. Оору жалпысынан 35 143 адамга жукту. Бул расмий маалымат. Июлдун башында ооруканада орун жок калгандыктан көп адам үйүндө жатып дарыланды, кээ бирлери дарыгерге жетпей каза болду.

Бүгүн Кыргызстанда Жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланып, коронавирустун курмандыктары эскерилип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG