Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

COVID-19: Эмилбек Каптагаев Улуттук комиссия түзүү боюнча демилге көтөрдү


Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун директору Эмилбек Каптагаев Кыргызстанда коронавирустун жайылышын жана анын кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия түзүү боюнча демилге көтөрдү. Бул тууралуу коомдук ишмер «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазып, өткөндөн туура тыянак чыгаруу жана сабак алуу зарыл экенин белгиледи. Мунун маанисин ал пандемиянын кайталануу ыктымалдыгы менен негиздеди.

Каптагаев комиссия вирустун жайылышын, кесепеттерин кылдат иликтөө зарыл болорун жана анда бийлик органдарынын, жооптуу кызматкерлердин, жергиликтүү бийликтин жана медициналык мекемелердин аракеттери жана аракетсиздиги көңүлдүн борборунда болушу керек экенин белгиледи. Анын пикиринде «улуттук комиссиянын ишине бардык тараптарды, айрыкча жарандык коом өкүлдөрүн, көз каранды эмес эксперттерди тартыш керек».

30-июль - Кыргызстанда Улуттук аз күтүү күнү. Президенттин жарлыгына ылайык аза күтүү күнүнө байланышкан иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өтүп жатат. Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туу түшүрүлгөн. Өлкө ичиндеги маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айынын этегинде башталган. Ошондон бери, расмий эсеп боюнча, бул илдет 35 миңге жакын адамга жукту, алардын 1,5 миңге жакыны каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасына адатта ооруканага жаткырылгандар гана кирет. Оорукана жетишсиз болгондуктан үйүнөн өз алдынча дарылангандар да бар экенин, алардын айрымдары дарыгерге жетпей каза болуп жатканын «Азаттыкка» ыктыярчылар жана бейтаптардын жакындары айтып беришкен. Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда.

«Азаттык» радиосу коронавирус эпидемиясында каза болгон кыргызстандыктардын алгачкы эскерүү тизмесин өз алдынча түзүп жарыялап жатат. «Пандемия: Кимди жоготтук?» тизмеси аркылуу «Азаттык» маркумдардын артында өмүр, тагдыр, из, үмүт, кыял, жакындарынын кайгысы калганын көрсөткүсү келди.

XS
SM
MD
LG