Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

«Huawei» смартфондору сатыкта эң алдыга чыкты


«Huawei» смартфондорунун дээрлик 70% Кытайдын өзүндө сатылган.
«Huawei» смартфондорунун дээрлик 70% Кытайдын өзүндө сатылган.

Кытайдагы ири телекоммуникациялык «Huawei» концерни смартфондорду сатуу боюнча быйылкы жылдын экинчи кварталында Түштүк Кореянын «Samsung» компаниясынан озуп өтүп, эң алдыга чыкты. Бул тууралуу «Canalys» иликтөөчү уюму билдирди. Ага ылайык, АКШнын санкциясына кабылган «Huawei» бул мөөнөт аралыгында 55,8 миллион смартфон саткан. «Samsung» компаниясыныкы болсо 53,7 миллион телефон болгон.

«Canalys» соңку тогуз жылдан бери сатык боюнча «Samsung» же «Apple» алдына эч кимди чыгарбай келгенин билдирди. «Huawei» телефондорунун дээрлик 70% Кытайдын өзүндө сатылган. Ал эми экинчи кварталда анын смартфондорун чет өлкөдө алуу кыйла азайган.

АКШ коопсуздук маселелеринен улам «Huawei» компаниясына санкция салган. Вашингтон бир канча убактан бери эле «Huawei» компаниясын «ишенимсиз өнөктөш, Бээжиндин репрессиялык бийлигине кызмат кылат» деп айыптап келет.

«Huawei» 5G муундагы технологияны эң көп чыгарат жана Бээжинден түз колдоо алат.

Буга чейин АКШнын басымы астында Британия менен Франция 5G желесин киргизүүдө «Huawei» концернин чектөөгө макул болгон жана аларга Германия да кошулары айтылган. Мындай аракеттер Жапония менен Австралияда да болгон.

XS
SM
MD
LG