Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Түркмөнстан четте окуган студенттерди кайтууга мажбурлап жатат


Азыр түркмөн банктарынын жанынан узун кезекти, жоон топ адамдарды көрүүгө болот.

Түркмөн бийлиги сыртка акча которуунун эреже-шартын катаалдаштырды. Ошондон улам уул-кызы чет мамлекеттерде окуган ата-энелер балдарына акча жөнөтө албай калышты. Сырттагы түркмөн студенттердин көбүнүн абалы пандемия маалында ого бетер начарлап кетти.

Азыр түркмөн банктарынын жанынан узун кезекти, жоон топ адамдарды көрүүгө болот. Алардын айрымдары «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчыларына бийлик четте жүргөн студенттерди мекенине кайтууга мажбурлап, банктардан акча которууда атайын тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтып беришти. Ошондой эле кабарчылар Орусияда, Казакстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө окуган, пандемия маалында каражаттан кыйналып жаткан студенттер менен да байланышты.

Түркмөнстанда сыртка ай сайын 200 доллар гана которууга уруксат берилет. Пандемия маалында мамлекет жарандарына ай сайын башка мамлекеттерге 500 доллар жөнөтүүгө уруксат берген, бирок көп учурда мындай эреже студенттер үчүн колдонулбай жатат. Соңку тоскоолдуктар тууралуу түркмөн бийлиги комментарий бере элек.

Айрым бир маалыматтарга караганда, башка мамлекеттерде билим алып жүргөн түркмөн улан-кыздарынын саны 90 миңден ашат жана алар негизинен Орусияда, Түркияда, Украинада жана Борбор Азия мамлекеттеринде окушат.

XS
SM
MD
LG