Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:20

Боронов: Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында вируска чалдыккандар көбөйдү


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коронавирус менен ооруп жаткандар көп болуп жатат. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүш керек экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 30-июлда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Учурда жаңы ооруканаларды куруу жана өлкө аймактарында колдонулбай турган имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ыңгайлаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ошол эле учурда эксплуатацияга бериле турган ооруканалар менен бейтапканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча жумуштарды жасоо зарыл. Алардын өз учурунда көрсөткөн көмөгүнөн бейтаптын кийинки ал-абалы жана таза айыгып чыгышы көз каранды. Мындан тышкары, Дары-дармек менен камсыздоо департаменти үзгүлтүксүз негизде аймактардын, ар-бир алыскы айылдын тийиштүү медикаменттер жана жабдуулар менен камсыздалышын көзөмөлдөшү зарыл. «Тез жардам» кызматы кайрылгандарга өз учурунда көңүл бурушу керек, алар келбей жана көмөк көрсөтпөй калган учурлар болбошу керек», - деди Кубатбек Боронов.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 35143 адамды түздү. Андан каза болгондор жалпысынан 1364 кишиге жетти. Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, аны статистикага кошуп эсептей баштаган.

30-июль - Кыргызстанда Жалпы элдик аз күтүү күнү. Президенттин жарлыгына ылайык аза күтүү күнүнө байланышкан иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өтүп жатат.

Мултимедиа

Виджет 67489 даяр эмес

Күндүн темасы

Виджет 84509 даяр эмес
XS
SM
MD
LG