Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:16

Кагылыштардан улам быйыл 100 миңден ашуун ооган жараны жер которду


Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) АКШ менен «Талибан» кыймылы тынчтык келишимине кол койгонуна карабай, Ооганстандагы ар кандай куралдуу кагылыштар менен чатактардан улам быйыл жыл башынан бери 100 миңден ашык киши жер которгонун билдирди. Талибдер АКШ менен НАТОнун аскерлерине кол салуудан карманып калганы менен, ооган өкмөтүнүн куралдуу күчтөрүнө чабуул коюп, бутага алганын токтото элек.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани февраль айынан бери Кабул 10 миңден ашык аскерин жоготконун билдирди. БУУнун эсебинде, жыл башынан бери 1200дөн ашык жайкын тургун мерт болду.

Кабул менен талибдер Курман айт майрамына карата 31-июлдан тартып атышууну үч күнгө токтотууга макул болгон. АКШ мындай чечимди кубаттаган.

АКШ менен «Талибан» дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу тууралуу быйыл февраль айында тынчтык келишимине кол коюшкан. Документтин шарттарына ылайык, ооган өкмөтү беш миң талиб жоочусун, талибдер болсо миңдей туткунду бошотушу керек.

Бүгүнкү күнгө карата ооган бийлиги төрт миң адамды эркиндикке чыгарды, талибдер болсо өкмөттүк күчтөрдүн 800дөй кызматкерин коё берди.

XS
SM
MD
LG