Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Муканбетов: ИДӨ 228 млрд.сомду түздү, курулуш тармагы 10% төмөндөдү


Бишкек эркин экономикалык аймагы.
Бишкек эркин экономикалык аймагы.

Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү228 миллиард сомду түздү. Экономика 5,3% азайды.

Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов 30-июлдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, алты айдын эсеби менен экономиканын өсүшү 94,7% түздү.

«Өнөр жайыбыз бейтараптыкты сактап, 0,1% гана өстү, - деди ал. - Ал эми айыл чарба сектору 1,6% өсүшүн көрсөттү. Эң чоң төмөндөө курулуш тармагында - 10% жана кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагында - 9,2% байкалды».

Муканбетов абалга байланыштуу эл аралык уюмдар буга чейин экономиканын өнүгүшү 3-10% кемий турганын, Дүйнөлүк соода уюму товар алмашуу дүйнөдө 30%га чейин азаярын божомолдогонун эске салды.

Мындан мурда өкмөт коронавируска байланыштуу экономикадагы каатчылыктын терс таасирлерин эсептеп чыгып, быйыл ИДӨ 5-7% артка кетерин моюнга алган.

Экономика министрлиги пандемиянын кесепети келерки жылдары да сезиле турганын айтып жатат.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. Экономика министрлиги болжогондой артка кетүү болсо бул көрсөткүч 2020-жылы 530-550 млрд. сомду түзүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG