Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Азимжан Аскаровдун сөөгү жакындарына берилди


Азимжан Аскаровдун сөөгү өлүкканадан чыкты. 30-июль, 2020-жыл.
Азимжан Аскаровдун сөөгү өлүкканадан чыкты. 30-июль, 2020-жыл.

Абакта каза болгон кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү 30-июлда Бишкектеги өлүкканадан чыгарылып, байбичесине тапшырылды. Маркумдун сөөгүн алгач Ошко жеткирип, андан ары Өзбекстандын Ташкент облусуна алып кетишерин "Азаттыкка" жакындары кабарлашты.

Байбичеси Хадича Аскарова "Азаттыкка" берген кыска маегинде укук коргоочу өмүрүнүн аягына чейин ага карата адилеттик орноп, абактан бошотуларына ишенгенин билдирди.

Азимжан Аскаровдун сөөгү өлүкканадан чыгарылып, байбичеси Хадича Аскаровага тапшырылды. 30.07.2020
Азимжан Аскаровдун сөөгү өлүкканадан чыгарылып, байбичеси Хадича Аскаровага тапшырылды. 30.07.2020

Маркумдун сөөгү өзү калтырган керээзи боюнча Өзбекстанда жерге берилери белгилүү болгон.

Аскаровдун укугун коргоп келген «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова 29-июлда «Өзбек элчилиги биринчи күндөн тартып Аскаровдун аялына реанимобил берүүгө, сөөктү чек арадан баштап коштоп кетүүгө даярдыгын билдирип келатканын» айткан.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Аскаров 25-июлда Бишкектеги №47 абакта каза болгон. Сөөгү борбор калаанын өлүкканасына жеткирилген.

ЖАМК Аскаровго «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратышты. (RK)

XS
SM
MD
LG