Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Медицина кызматкерлерине 396 млн. сомдон ашуун кенемте төлөнүп берилди


Бишкектеги күндүзгү стационардагы дарыгерлер. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги күндүзгү стационардагы дарыгерлер. Июль, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги Курман айтты утурлай тараткан маалыматка ылайык, Коронавируска каршы ыкчам штаб июль айы үчүн 30 млн. сомду медициналык кызматкерлерге компенсация катары Саламаттык сактоо министрлигине, ал эми 400 млн. сомду Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна төлөп берди.

Бул каражаттан 225 млн. сом 29-июль күнү саламаттык сактоо мекемелерине бөлүнүп берилди. Анын ичинде:

Бишкек шаарына - 58,733 млн. сом;

Чүй облусуна - 37,278 млн. сом;

Ош облусуна жана Ош шаарына - 34,110 млн. сом;

Баткен облусуна - 13,054 млн. сом;

Жалал-Абад облусуна – 28,871 млн. сом;

Нарын облусуна - 14,904 млн. сом;

Ысык-Көл облусуна - 24,879 млн. сом;

Талас облусуна - 13,165 млн. сом.

Министрликтин маалыматына ылайык, саламаттык сактоо мекемелеринин баары кенемте төлөө документациясын толук даярдап жетишпей калганына байланыштуу, акча болжолдуу түрдө бөлүндү. Баштапкы эсептер боюнча бул жалпы зарыл сумманын 55-60% түздү.

30-июлда саламаттык сактоо мекемелерине дагы 171,06 млн. сом коронавирустун очогунда иштеген медициналык кызматкерлерге компенсацияны толук төлөп берүү максатында бөлүнүп берилди.

Кенемте акча жалпысынан 14 миңдей медициналык кызматкерге төлөнүп берилет. Ошондой эле июль айында медицина кызматкерлерине айлык акы үчүн 851,7 млн. сом төлөнүп берилди.

Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринен жалпысынан 2743 адам коронавирус илдетине чалдыккан. 1664 адам оорудан айыгып чыкты. 73 адам вирустан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Ушул тапта 1006 медициналык кызматкер коронавирустан дарыланууда.

Июнь-июль айларында Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккан адамдар саны кескин көбөйүп, дары-дармек, медициналык жабдуунун жана медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги байкалган. Өкмөт бардык медиктерди мобилизациялоого чакырган. Кыргызстандагы дарыгерлерге практикалык жардам берүү максатында чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандык медицина кызматкерлери келишкен. Орусиядан гуманитардык жардам алкагында коронавируска каршы күрөшүүчү дарыгерлердин тобу келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG