Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

Трамп шайлоо мөөнөтүн жылдыруу маселесин көтөрдү


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик шайлоонун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу тууралуу сөз кылды. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Почта аркылуу универсалдуу добуш берүү менен 2020-жылдагы шайлоо тарыхта эң так эмес жана көз боёмочу шайлоо катары калат. Бул АКШ үчүн улуу уят болот. Адамдар эрежеге ылайык жана коопсуз добуш бере алганга чейин жылдырыш керекпи?» - деп жазды.

Добуш берүү ушул жылдын ноябрь айында өтөт жана соңку сурамжылоолорго ылайык, Трамптын рейтинги анын башкы саясий атаандашы, демократтардын атынан шайлоого аттанган Жо Байденге караганда төмөндөп жатат.

Бир катар штаттар коронавирус пандемиясынан улам аралыктан добуш берүүнүн эреже-шарттарын жеңилдеткен. Трамп мындай чечимди сындап келет жана добуш берүүнүн жыйынтыгы калайман бурмалоого жол ачат деп эсептейт. Буга чейин Трамптын администрациясы шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып келген.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Добуш берүү күнү федералдык мыйзам менен аныкталат. Конституцияга ылайык, бул күндү Конгресс дайындайт. АКШнын төмөнкү палатасын азыр Трампка оппозиция болгон демократтар көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG