Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

АКШ космоско марсжүргү менен учкучсуз дрон учурду


Ушул айдын ичинде Марска АКШдан сырткары Кытай менен Бириккен Араб Эмираттары да космос жабдыгын учурду.
Ушул айдын ичинде Марска АКШдан сырткары Кытай менен Бириккен Араб Эмираттары да космос жабдыгын учурду.

АКШнын Аэронавтика жана космос мейкиндигин иликтөө боюнча улуттук башкармалыгы Канаверал кысыгынан «Персеверанс» марсжүргүсү менен «Инженити» учкучсуз дронун учурду. Жабдуулар салынган «Атлас-5» ракетасын космоско учуруу маалы НАСАнын «YouTube» каналынан түз көрсөтүлдү.

«Марс-2020» деп аталган бул миссия - Айга учкуч жөнөтүүсыңары долбоор камтылган кеңири программанын бир бөлүгү. Марсжүргү «Кызыл планетадагы» жашоого мүмкүн болгон белгилерди тапканга аракет кылат жана анализге керектүү топурак топтойт.

Илимпоздорун эсебине ылайык, марсжүргү «Кызыл планетага» 2021-жылдын 18-февралында конмокчу. Бул айда Марска Кытайдын түзмөгү да жетери айтылган.

Кытай 23-июлда өзүнүн биринчи планета аралык станциясын Марска учурган. «Тяньвэнь-1» жабдыгы «Кызыл планетага» эмки жылдын 11-февралында жетет деп пландалган.

«Тяньвэнь-1» Марстан сырткары Айга, Юпитерге жана астероиддерге чейин уча алгыдай кылып жасалган. Анын курамында орбиталдык аппарат менен конуучу платформа бар.

Анын алдында, 20-июлда Бириккен Араб Эмираттары да «Кызыл планетага» космос кемесин жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG