Польшанын батышындагы Легнице шаарында белгисиз бирөөлөр Советтер Союзунун жана Польшанын маршалы Константин Рокоссовскийдин эстелигин уурдап кетишкен.
Жергиликтүү маалымат каражаттары бул тууралуу 30-июлда кабарлашты. Полиция маршалдын башы кесилген айкелин тапты. Ууруларды жана эстеликтин калган бөлүктөрүн издөө иштери уланууда.
Маршал Рокоссовскийдин эстелиги Кызыл армиянын муниципалдык көрүстөнүнүн оозуна коюлган. Айкел шаардык Жез музейинин бир бөлүгү болуп саналчу.
Маршал Рокоссовский 1896-жылы Варшава шаарында туулган. Биринчи дүйнөлүк согушта орус армиясынын катарында согушкан. 1917-жылы Кызыл гвардияга, кийинчерээк Кызыл Армияга ыктыярчы болуп кирген. Бир убакта эки өлкөнүн маршалы болгон СССРдеги жалгыз кол башчы.
1937-жылы Польшанын чалгын кызматы менен кызматташкан деген айып менен репрессияланган. 1940-жылы кызматына кайра коюлган.
Рокоссовский Экинчи дүйнөлүк согушта Советтер Союзунун белдүү кол башчыларынын бири болгон. 1945-жылы Москвада Жеңиш парадын башкарган.
Маршал Рокоссовскийге Польша эли түрдүү көз карашта. Бир тарабы ал баштаган Биринчи Беларус фронтунун аскерлери Польшаны фашисттик баскынчылардан куткарганын, Рокоссовский өзү тарыхый мекенин сүйгөнүн белгилесе, экинчи тарап ал Сталиндин жактоочусу болгонун, фашисттерден бошотулган Польшага советтик режимди орнотууга салым кошконун айтып келишет.