Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды бүгүнкү Курман айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчы өз куттуктоосунда быйылкы Курман айт коронавирус каптаган шартта майрамдалып жатканын белгилеп, элге каалоо-тилектерин айтты:
«Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн. Быйыл Курман айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз. Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм. Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт-таалай каалайм. Бүгүн чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин. Баарыбызды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчык болсун. Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудайым Өзү колдосун!»
Быйыл Орозо айт намазы сыяктуу эле Курман айт намазы да мечиттерде жана аянттарда окулган жок. Муфтият элди үй кыдырып айттабоого чакырып, COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө элек экенин белгилеп, илдеттин мындан ары күчөп кетишине жол бербөөгө чакырган.
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек.
9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген. (RK)