Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев бүгүнкү Курман айт майрамына карата куттуктоосунда курмандык чалуу колдон келе бербесе да жакындарына, туугандарына жакшы сөзүн арноого ар бир адамды чакырды.
Ал Курман айт жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун майрамы экенин белгилеп, бул күндөрү жетим-жесирге, улгайган ата-энелерге, колунда жокторго, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардам жүрөктү жакшылык жана ыраазылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготорун айтты.
Дүйнөнү каптаган пандемия элди сыноого салып, «адамзаттын жан дүйнөсүн эңшерип кеткендей болгонун» белгилеп, илдет менен алышып жаткандардын эртерээк сакайып кетишин каалады.
Ошону менен катар муфтий «башыбызга келген бул апааттан чыгууда эң башкысы чөкпөйлү, жакшылыктан үмүт үзбөйлү. Дүрбөлөңгө алдырбайлы. Бул күндөрдүн, кыйынчылыктын артынан жакшылык келерин эсибизден чыгарбайлы», деп кошумчалады.
Быйыл Орозо айт намазы сыяктуу эле Курман айт намазы да мечиттерде жана аянттарда окулган жок. Муфтият элди үй кыдырып айттабоого чакырып, COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө элек экенин белгилеген жана илдеттин мындан ары күчөп кетишине жол бербөөгө чакырган.
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек. (RK)