Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

COVID-19: Бир суткада 14 бейтап каза болду, вирус 662 кишиден табылды


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. 13-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. 13-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда 31-июлга карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 14 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун экөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында, үчөө Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, төртөө Ысык-Көлдө, дагы бири Баткен аймагында. Пандемиядан көз жумгандардын жалпы саны 1378ге жетти.

Бир сутка ичинде 662 кишиден коронавирус жаңы аныкталды.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 35805 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 1052 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 25 526 адам болду.

Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, статистикага кошуп эсептей баштаган.

XS
SM
MD
LG