Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында, Чаман аймагында 30-июлда болгон бул окуяда дагы 17 киши жарадар болду.
Жергиликтүү бийлик менен тургундардын айтымында, бир канча аптадан бери жоон топ адам чек ара өткөрмө бекетинин жанында отуруп алып каршылык акциясын өткөрүп жаткан. Алардын айрымдарынын чыдамы түгөнүп, карантин борборун өрттөп жиберишкен. Ошондон улам чек арачылар аларды атышкан. Күбөлөр эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрү да өз ара атыша кеткенин айтып беришти.
Нааразылык акциясын өткөрүп жаткандар буга чейин чек арадагы соода-сатык менен жан баккан, коронавирус пандемиясынан улам кирешесиз калган жергиликтүү тургандар болчу. Ошондой эле чек аранын эки тарабында тең Курман айт майрамын утурлай үйлөрүнө кайтууну каалаган жарандар топтолгон. Алар Пакистан тарап чек арасын ачпай койгонуна нааразы болушкан.
Белужистан провинциясынан шайланып барган пакистан парламентинин өкүлү Усман Хан Какар бул окуяны айыптады. Ал «Твиттердеги» баракчасында коопсуздук кызматтарын жайкын тургундарга ок атканы үчүн күнөөлөдү.
Белужистандын полиция башчысы Зия Ланго учурда чек арадагы кырдал туруктуу экенин билдирди.
Ооганстан Курман айтты 31-июлда, ал эми Пакистан 1-августта белгилейт.