Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:20

Орусиядан 184 кыргызстандык келди


Орусиядан Кыргызстанга келген гуманитардык жардам. Июль, 2020-жыл.
Орусиядан Кыргызстанга келген гуманитардык жардам. Июль, 2020-жыл.

Бишкекке 31-июлда Орусиянын Новосибирск шаарынан Кыргызстандын 184 жараны келди. Алар үчүн «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Новосибирск-Бишкек» багыты боюнча аба каттамы уюштурулган.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бул каттам менен Новосибирск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Красноярск, ошондой эле Сибирь федералдык округунун башка шаарларында жашап-иштегендер келишти. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы башкы консулдукка кайрылуунун негизинде кезек менен түзүлгөн. Ага кош бойлуу, жаш балалуу аялдар, улгайгандар, Новосибирск клиникаларында операция болгондор, депортациялангандар жана Сибирь жогорку окуу жайларында окуган студенттер кирген.

Бул учак менен Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынан эки ИВЛ аппараты жана 200 миң рублдан ашык суммадагы дары-дармектерден турган гуманитардык жүк келди.

ТИМ чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган жарандарды кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG