Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:42

Исмаилова: дарыгерлерди камсыздоого министрлик жооптуу


Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 31-июлдагы брифингде Кыргызстанда дарыгерлерди тиешелүү жабдуу, коргоочу кийимдер менен камсыздоо, аларга кошумча акы берүү тууралуу маалымат берди.

Исмаилова мындан ары коргонуу каражаттары кампада сакталса, төлөмдөр убагында берилбесе, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жоопкерчиликке тартыла турганын эскертти:

«Күн сайын ар бир аймактын ооруканаларында, медицина мекемелеринде жеке коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги жана калдыктары тууралуу маалыматтарды алып турабыз. Ошого жараша бул жактан жеке коргонуучу каражаттар жиберилет. Бул боюнча атайын мониторинг жүргүзүлөт. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин төлөмдөрү чегерилип, бирок убагында төлөнбөсө, ошол медициналык мекеменин жетекчилиги өзү жоопкерчилик тартат».

Июнь-июль айларында Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккан адамдар кескин көбөйүп, дары-дармек, медициналык жабдуу жана медицина кызматкерлери жетишсиз экендиги байкалган. Өкмөт бардык медиктерди мобилизациялоого чакырган. Кыргызстандагы дарыгерлерге практикалык жардам берүү максатында чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандык медицина кызматкерлери келишкен. Орусиядан гуманитардык жардамдын алкагында коронавируска каршы күрөшүүчү дарыгерлердин тобу келген.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, пандемияда коронавирустан 73 медицина кызматкери кайтыш болду. Ушул тапта миңден ашуун медициналык кызматкер коронавирустан дарыланууда.

XS
SM
MD
LG