Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Тегеран өзөктүк программа тууралуу Вашингтон менен сүйлөшүүдөн баш тартты


Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаманеи.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаманеи.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаманеи Тегеран баллистикалык ракетасы жана өзөктүк программасы тууралуу АКШ менен сүйлөшпөй турганын билдирди. Ал 31-июлда мамлекеттик телеканалда сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттарды «Ирандын башкы душманы» деп атады:

«АКШнын катаал санкциялары экономикабызды кыйратууга багытталган. Алардын максаты - аймактагы биздин таасирди азайтуу, биздин ракеталык жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүбүздү токтотуу. Элдик мүмкүнчүлүктөргө таянуу, мунайдын экспортунан көз карандылыкты азайтуу АКШнын кысымына туруштук берүүгө жардам берет».

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимден мурдагы жылы АКШ чыгып кеткенден бери чыңалып жатат. Вашингтон ошондон тартып Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

Быйыл жыл башында АКШ Ирандын таасирдүү генералы Кассем Сулейманини өлтүргөндөн кийин Вашингтон менен Тегерандын алакасы ого бетер курчуду.

XS
SM
MD
LG