Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 31-июлдагы брифингде медкызматкерлерге кенемте төлөөнүн жаңы шарттары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 1-июлдан тартып кооптуу зоналарда иштеген медиктерге берилчү кошумча төлөм көбөйдү. Ага ылайык, акча төрт категорияга бөлүнүп берилет.
«Дарыгерлерге кошумча төлөм берүү механизми төрт категориядан турат. Азыркы учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады», - деди Аида Исмаилова.
Маалыматка караганда, категориялар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлер (жугуштуу оорулар бөлүмү, ПИТ бөлүмү, реанимация, вирусологиялык лабораториялар, обсерваторлор, мобилдик топтор). Бир сутка үчүн дарыгерлер 3000 сом (30% көбөйдү), орто медперсонал 2500 сом (25% көбөйдү), кенже медперсонал 2200 сом (22% көбөйдү) алат. Ошондой эле бул категориядагы медкызматкерлерге обсервацияда жатканы үчүн күнүнө 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү жети күн үчүн 6 300 сомду түзөт.
Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлер (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, СКП, блокпосттор, обсервация, мобилдик топтор). Иштеген бир саат үчүн дарыгерлер, АУП 130 сом, орто медперсонал 120 сом, кенже медперсонал 100 сом алат.
Үчүнчү категория: «Тез жардам» кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 жугузуп алган адамды жеткиргенине жараша төлөнөт. Дарыгерлер, АУП 750 сом, орто медперсонал 600 сом, кенже медперсонал 500 сом.
Төртүнчү категория: Моргдо иштеген медкызматкерлерге кошумча акы COVID-19 вирус жугузган сөөктү ачканына жараша төлөнөт. Дарыгерлер, АУП 1250 сом, орто медперсонал 1000 сом, кичи медперсонал 800 сом.
Аида Исмаилова билдиргендей, медкызматкерлердин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып, жети күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй, 900 сом бойдон калды.
Медиктердин арасында кенемте аз төлөнгөнү же такыр берилбей калганы тууралуу нааразылыктар айтылып келатат.
Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери көптөгөн ооруканаларда медицина кызматкерлери жеке коргонуучу каражаты жок иштегени, ооруну жумушунан жугузуп алганы тууралуу маалыматтар бар.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, пандемияда коронавирустан 73 медицина кызматкери кайтыш болду. Ушул тапта миңден ашуун медициналык кызматкер коронавирустан дарыланууда.