Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Ош облусунун айрым райондорунда сел жүрдү


Кызыл-Жар айыл аймагы. 31-июль, 2020-жыл.
Кызыл-Жар айыл аймагы. 31-июль, 2020-жыл.

31-июлда саат 19:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагында катуу жамгырдан Күйөө-Таш айылындагы алты, Көө-Саты айылынан он үйдү коктудан түшкөн суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Министрликтин маалыматында, учурда жеринде тактоо иштери жүрүп жатат. Ишке ӨКМдин райондук бөлүмү жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылды.

31-июлда саат 19:30 чамаларында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу автожолунун 115-чакырымында, Ош-Папан-Кичи-Алай автожолунун 82-89-чакырымында сел жүрүп, кум-шагылга толуп калган. 1-август күнү толук тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу чукул эскертүү тараткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG