Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14

COVID-19: Бир суткада 19 бейтап каза болду, вирус 494 кишиден табылды (видео)


Талас шаарында ачылган күндүзгү стационардагы медкызматкерлер бейтаптын абалын байкап турушат.
Талас шаарында ачылган күндүзгү стационардагы медкызматкерлер бейтаптын абалын байкап турушат.

Кыргызстанда 1-августка карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 19 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун үчөө Бишкекте, үчөө Ош шаарында, экөө Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, төртөө Ысык-Көлдө, үчөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен аймагында. Пандемиядан көз жумгандардын жалпы саны 1397ге жетти.

Бир сутка ичинде 494 кишиден коронавирус жаңы аныкталды.

Пандемия башталгандан бери инфекцияны жаңы жугузуп алгандардын жалпы саны 36 299 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 900 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 26 426 адамга жетти.

Кыргызстан 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, статистикага кошуп эсептей баштаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG