Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

COVID-19 22 медициналык кызматкерден табылды


22-июль, 2020-жыл.
22-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка ичинде 22 медициналык кызматкерден коронавирус табылды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 1-августагы брифингде билдиргендей, коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин бирөө Бишкекте, төртөө Ош шаарында, тогузу Ош облусунда, үчөө Жалал-Абад аймагында, бешөө Ысык-Көл облусунда катталды.

Бир күн аралыгында үч медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты. Үй карантининде отурган 49 кызматкер сакайды.

Ушуну менен республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медиктердин саны 2790 кишиге жетти. Анын 1766сы айыкты.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, пандемияда коронавирустан 73 медицина кызматкери кайтыш болду. Ушул тапта миңден ашуун медициналык кызматкер дарыланууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG