Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Финпол ыктыярчыларга кысым көрсөттү деген кызматкерди издеп жатат


Кыргызстан. Ыктыярчылар таратып жаткан жардамдардын бири.
Кыргызстан. Ыктыярчылар таратып жаткан жардамдардын бири.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) тараткан маалыматта, “ыктыярчылар тобуна Финансы полициясынын кызматкерлери басым көрсөтүүдө деген маалымат чындыкка дал келбей” турганы айтылат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Жалал-Абад облусу боюнча Финансы полициясынын кызматкерлери ыктыярчы кыймылдар менен байланышып, эч кандай текшерүү жүргүзбөгөнүн кабарлады. Учурда кызмат “Жалал-Абад жаштар кыймылынын” өкүлү Наргиза Караеванын айткандары боюнча аларды кызматкермин коркуткан кишинин тек-жайын тактоо жүрүп жатканын билдирди. Финансы полициясы жалган маалымат таратпоого жана аларга ишенбөөгө чакырат.

Буга чейин Kaktus.media сайттында "Жалал-Абад жаштар кыймылы" аттуу ыктыярчылар тобуна Финансы полициясы басым көрсөтүп жатканы боюнча макала чыккан.

Пандемия маалында өлкөдө ыктыярдуу топтор түзүлүп, элден каражат чогултуп, медициналык мекемелерге жардам берүүдө.(TSh)

XS
SM
MD
LG