Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Дубайда араб дүйнөсүндөгү алгачкы атомдук станция ишке киришти


"Барака" атомдук станциясынын сырткы көрүнүшү. 12-февраль, 2020-жыл.
"Барака" атомдук станциясынын сырткы көрүнүшү. 12-февраль, 2020-жыл.

Бириккен Араб Эмираттарында «Барака» атомдук станциясы ишке киришти. Бул тууралуу Дубайдын шейхи Мухаммед бин Рашид ал-Мактум «Твиттерге» жазды.

«Бүгүн биз Бириккен Араб Эмираттарында араб дүйнөсүндөгү алгачкы тынчтык атомдук станциясынын ийгиликтүү ишке кириши тууралуу жарыялайбыз”, - деп жазды ал.

Шейх бийликтин эмираттарды "таза энергиянын жаңы түрү" менен камсыздоо ниети бар экенин кошумчалады. Станциянын курулушуна түштүк кореялык “Керсо" энергетикалык концерни тартылган. Атомдук станциянын курулушуна 24,4 миллиард доллар сарпталган.

Ал Дубайдан 280 чакырым алыстыктагы Аль-Дхафра аймагында жайгашкан.

Араб Эмираттарындагы станциянын курулушуна Катар каршы чыгып, станция "аймак үчүн коркунуч жаратарын” белгилеп келген.

XS
SM
MD
LG