Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:45

Ысык-Көлдө милиция кармаган журналисттин бөгөт чарасы каралды


Асылбек Бектенов.
Асылбек Бектенов.

1-августта опузалап акча талап кылууга шектүү катары кармалган журналист Асылбек Бектенов (Асылбек Абдрахман) бир айга үй камагына алынды. Журналисттин бөгөт чарасын Каракол шаардык соту карады.

Прокуратура бир айга камакка алуу боюнча өтүнүч келтирген. Бул тууралуу кесиптеши Назгүл Мамытова маалымдады.

Буга чейин Ысык-Көл облустук милициясы кармалган журналист расмий эч жерде иштебей турганын жана опузалап акча талап кылууга шектүү катары 48 саатка камакка алынганын билдирган. Милициянын 31-июлдагы билдирүүсүндө, журналист Асылбек Бектенов (Асылбек Абдрахман) жергиликтүү тургундун арызынын негизинде кармалганы айтылат.

Кармалган Асылбек Бектенов социалдык тармактарда, "Фейсбукта" Асылбек Абдрахман деп катталган. Ал "Ачык саясат" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы экенин жана Ысык-Көлдө бийликтин алешемдиктерин жазганына байланыштуу кармалганын басылманын башкы редактору Назгүл Мамытова билдирүүдө.

Облустук милиция сотко чейинки өндүрүштүн алкагында анын компромат деген материалдары текшерилерин кабарлады. (AiA)

XS
SM
MD
LG