Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

COVID-19: Бир суткада 12 бейтап каза болду, вирус 420 кишиден табылды


Кыргызстан. Убактылуу стационарга келген бейтап.
Кыргызстан. Убактылуу стационарга келген бейтап.

Кыргызстанда 2-августка карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 12 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, бирөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, бирөө Ысык-Көлдө, үчөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен аймагында. Пандемиядан көз жумгандардын жалпы саны 1409ге жетти.

Бир сутка ичинде 420 кишиден коронавирус жаңы аныкталды.

Пандемия башталгандан бери инфекцияны жаңы жугузуп алгандардын жалпы саны 36 719 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 848 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 27 274 адамга жетти.

Кыргызстан 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, статистикага кошуп эсептей баштаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG