Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

АКШда өспүрүм Барак Обаманын, Билл Гейтстин жана Илон Масктын «Твиттер» баракчаларын бузган деп шек саналууда


Белгилүү адамдардын «Твиттердеги» баракчаларын бузуу үчүн шектүү катары Флорида штатынан АКШ полициясы 17 жаштагы Грем Кларк аттуу жаранды кармады. Ага 30 бөлүмдөн турган айып коюлду. Грем Кларк сот жообуна жашы жеткен жаран катары тартыларын «The New York Times» басылмасы жазды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Кларктын АКШда жана Британияда эки шериги болгон. Хакерлер «Твиттердеги» ондогон аккаунттарга чабуул коюп, бузуп чыгышкан. Алардын арасында «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин, «SpaceX» жана «Tesla» ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Масктын, мурунку президент Барак Обаманын, «Amazonдун» негиздөөчүсү Жефф Безостун жана рэппер Канье Уэсттин баракчалары бузулганы июль айынын ортосунда белгилүү болгон.

Аккаунттарды бузуп киргендер баракчаларга эки эсе кайтарып берүүгө убада берип, атайын электрондук капчыктарга биткоин салууга чакырган билдирүү жайгаштырышкан. Ал посттор өчүрүлүп, бир аздан кийин кайрадан жарыяланган. Шылуундар 110 миң доллардай каражатка туйтунуп калууга жетишкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG