Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 00:41

ДССУ: пандемия узакка созулчудай


Мексикадагы медицина кызматкери.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) "коронавирус пандемиясы узакка созулчудай" деп билдирди. Мындай баасын уюмдун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети 1-августта өткөн жыйында берди.

Алты саатка созулган жыйындын жыйынтыгында комитет азыр пандемия менен күрөшүп жаткан мамлекеттерде “бул күрөштөн чарчап калуу коркунучу бар экенин” эскертти.

Пандемия башталгандан бери 685 миңден көп адамдын өмүрүн алды. 17,8 миллион киши бул илдетке чалдыкты.

Коронавируска кабылгандардын саны көбөйүп жатканына карабастан Германиянын баш калаасында 1-августта 20 миңдей адам карантинге каршы демонстрацияга чыгышты. Полиция аларды күч менен таратты.

Кошмо Штаттар дүйнөдө коронавирустан эң жабыркаган мамлекет бойдон калууда. Бул өлкөдө COVID-19 илдетине 4,6 миллион адам кабылып, 154 миң киши көз жумду.

Жазында карантиндин жардамы менен бул илдетке каршы күрөштө ийгиликке жетишкен штаттарда да коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйүп жатат.

Түштүк Африка мамлекетинде бул ооруга чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашып, дүйнөдө бешинчи орунга чыкты. Алдыңкы беш орунда АКШ, Бразилия, Индия жана Орусия жайгашкан.

Ал эми өлгөндөрдүн саны боюнча АКШ, Бразилия жана Мексика сап башында турат.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG