Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

«Медицина энциклопедиясы» аттуу китеп жарык көрдү


«Медицина энциклопедиясы» китеби.
«Медицина энциклопедиясы» китеби.

Кыргыз-Орус (Славян) университетинин профессору Аттокур Жапанов «Медицина энциклопедиясы» деп аталган үч томдон турган эки китеп чыгарды. Биринчи китепте Кыргызстандагы дарыгерлер, оорулар жөнүндө маалыматтар берилди. Экинчи китепте медициналык терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча түшүндүрмө сөздүгү камтылган. Аттокур Жапанов «Азаттыкка» буларды айтты:

«Кыргыз-Орус (Славян) университетинде 26 жыл иштедим. Ар бир сабактын алдында студенттериме ар бир терминди терең түшүндүргөнгө, которуп бергенге аракет кылдым. Мисалы, тема жүрөк булчуңу тууралуу болсо, бул темада кеңири маалымат топтоп, котормолорун даярдап жаттым. Ошентип иллюстрацияланган үч томдук 1500 барактан турган китеп даяр болду. Күнүгө өткөн сабагымды компьютерге терип отуруп материал чогулуп калды».

«Медицина энциклопедиясы» китеби «Камилла-принт» басма үйүнөн 20 тираж менен гана чыкты. (MSd)

XS
SM
MD
LG