Ооганстандын Чалгын кызматы 1-августта билдиргендей, өлкөнүн атайын күчтөрү «Ислам мамлекети» радикал уюмунун жогорку даражалуу өкүлүн жок кылышты.
Ооганстандын улуттук коопсуздук башкармалыгы Асадулла Оракзай Жалалабад шаарындагы операция маалында өлтүрүлгөнүн маалымдады.
Оракзай өлкөдөгү бир катар адам өмүрүн алган чабуулдарга, анын ичинде күч түзүмдөрүнө жасалган кол салууларга да тиешеси бар деп шектелип келген. Операция качан өткөнү белгисиз.
Бириккен Улуттар Уюму соңку баяндамасында "Ислам мамлекети" радикал уюму Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүсүнө каршы чыккандарды өз тарабына тартууну көздөп жатканын билдирген.
Кошмо Штаттар менен "Талибан" кыймылынын ортосунда февраль айында кол коюлган тынчтык келишимине ылайык, талибдер «Ислам мамлекети» радикал уюмуна жана Ооганстандагы башка террордук топторго АКШга жана анын өнөктөштөрүнө каршы чабуул жасоосуна жол бербөө милдеттенмесин алышкан.
"Ислам мамлекети" террордук тобу жыл башында Кабулда уюштурулган кандуу окуя үчүн жоопкериликти өз мойнуна алган. Анда 25 адам каза болуп, он чакты киши жаракат алган.
"Талибан" менен Кабул ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү туткундарды алмашуу маселесинен улам токтоп турат.