Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Казакстанда саламаттык сактоо министринин орун басары кармалды


Олжас Абишев.
Олжас Абишев.

Казакстанда 2-августта саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишев кармалды. Бул тууралуу Финансы министрлигине таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

«Финансы министрлигинин Каржылык мониторинг боюнча комитети бюжеттик каражатты уурдаган деген шек менен саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишевдин кармалганын ырастайт»,-деген комитеттин билдирүүсүн сайттар жарыялашты.

37 жаштагы Абишев саламаттык сактоо министринин орун басарлыгына 2018-жылы дайындалган. Ал мекеменин маалымат коопсуздугу жана санариптештирүү тармагын тейлечү.

Буга чейин Коррупцияга каршы кызматтын башчысы жогорку даражалуу эки аткаминерге кылмыш иши козголгонун билдирген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-июлдагы жыйында коронавирус эпидемиясына байланыштуу “бардык акимдер жана бир катар министрлер сөгүшкө татыктуу экенин” билдирген.

XS
SM
MD
LG