Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

COVID-19: Австралиянын штатында коменданттык саат киргизилди


Австралиянын Сидней шаары.
Австралиянын Сидней шаары.

Австралиянын Виктория штатынын бийлиги коронавирустун жайылышын ооздуктоо чараларын катаалдаштырды.

2-августтан тартып кечки саат сегизден таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилгенин штаттын премьер-министри Дэниел Эндрюс билдирди.

Шаардын тургундарына өз үйлөрүнөн беш чакырым алыстоого болбойт, азык-түлүк үчүн суткасына бир үйдөн бир гана адам чыгуусу абзел. Жаңы эрежелердин киргизилишине бир күндө штатта 670 адамдан коронавирус табылганы түрткү болду. Жалпысынан бул штатта 11 500дөн көп адам коронавирус жуктуруп, 123 киши каза болду. Австралияда бул илдетке кабылгандардын саны 17 миңдей.

5-августтан тартып Австралиядагы калкынын саны боюнча экинчи орунда турган штаттын жашоочулары өз үйлөрүнөн өтө зарыл учурда гана чыгууга тийиш. Жаңы эрежелер 13-сентябрга чейин сакталат.

XS
SM
MD
LG