Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

Чүйдө жана Ысык-Көлдө айыл өкмөттөрүн шайлоо кворум жоктугунан улам болбой калды


Иллюстрациялык сүрөт.

Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу үчүнчү жолу өтпөй калганына байланыштуу Арал айылдык кеңеши таркатылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Мамытов 27-февралда арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

24-мартка дайындалган айыл өкмөт башчысын шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаалдан улам убактылуу токтотулган.

Кийинчерээк шайлоо күнү 30-июнга дайындалган. Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер – Эрлан Чоркозов жана Иманбек Курманов катталган. 30-июндагы добуш берүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү кеңештин 11 депутатынын алтоо «баагына каршы» добуш бергендиктен, шайлоо өтпөй калды деп таанылган.

17-июлга дайындалган шайлоо бир да талапкер катталбагандыктан өтпөй калган.

31-июлга дайындалган шайлоого бир талапкер катталып, бирок айылдык кеңештин депутаттарынын бири да катышкан эмес.

Айыл өкмөт башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, анда БШКнын сунушу боюнча президент жергиликтүү кеңешти таркатып, тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.

Ошондой эле Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөт башчысын 31-июлга дайындалган шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок. Шайлоого айылдык кеңештин 11 депутатынын алтоо катышкан эмес. Мыйзамдарга ылайык, айыл өкмөт башчысын шайлоо башка күнгө дайындалат. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG