Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Иран бийлигинин каршылашы Жамшид Шармахд Тажикстанда кармалганы кабарланууда


Жамшид Шармахд.
Жамшид Шармахд.

Ирандагы Ислам революциясын коргоочулар корпусуна ыктаган «Жаван» басылмасы Жамшид Шармахд 31-июлда Тажикстанда кармалып, Иран бийлигине өткөрүлүп берилгенин жазды. Тажик бийлиги бул маалыматка жооп бере элек.

Шармахд - Иранда террордук деп табылып, тыюу салынган «Тондар» тобунун башчысы. Бийлик бул топту ондогон жардыруулар жана киши өлтүрүүлөр үчүн да айыптаган. Эксперттер муну куру жалаа деп айтып келишет.

Шармахд Лос-Анжелесте жашачу, ал Тажикстанга кантип барып калганы белгисиз. Пандемияга байланыштуу Иран менен Тажикстандын аба каттамдары токтотулган.

Ирандын маалымат министри Махмуд Алави «Шармахд АКШ менен Израилдин колдоосунда болгон» деп билдирди. Расмий Тегерандын мындай мазмундагы билдирүүлөрүн адатта бул өлкөлөр четке кагып келишет. Министрлик 31-июлда жарыялаган маалыматында Шармахд «татаал операциянын» натыйжасында колго түшкөнү айтылат. Бирок анын кайсы жерде, кантип кармалганы тууралуу маалымат жок.

Жамшид Шармахд ислам революциясынан кийин Ирандан чыгып кетип, менчик телеканалы аркылуу Тегеранды сындап турган.

«Тондар» сөзү фарс тилинен «чагылган» деп которулат. Уюмду 2004-жылы кинорежиссер Фатолла Манучехри негиздеген. Бул топ «Ирандын Шах ассамблеясы» деп атап, перс маданиятын жок кылуучу дин катары ислам динине каршы күрөшүүнү максат кылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG