Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

«Крю Дрэгон» кемеси Жерге кайтып келди


«SpaceX» корпорациясына таандык «Крю Дрэгон» кемеси 2-августта Мексика булуңуна келип түштү. Экипаж мүчөлөрү - америкалык астронавттар Даглас Хёрли менен Роберт Бенкендин саламаттыгы мыкты экени кабарланууда.

Астронавттар Эл аралык космос станциясына 31-майда конушкан.

Акыркы жолу океанга 1975-жылы СССР менен АКШнын биргелешкен «Аполлон-Союз» долбооруна катышкан «Аполлон» кемесинин экипажы конгон. Андан кийин америкалык космонавттар Орусиянын «Союз» космостук кемеси менен учуп жүрүшкөн.

«Крю Дрэгондун» учушу акыркы тогуз жыл аралыгында АКШ аймагынан америкалык кеме учкан алгачкы учур. Мындан тышкары бул менчик космонавтикадагы орбитага адам учурулган биринчи долбоор.

Бул миссия - Илон Масктын «SpaceX» корпорациясынын технологияларын жыйынтыктоочу сынак. Эгер ал натыйжалуу болсо, «Крю Дрэгон» Жер менен космостук станциянын ортосундагы каттам каражаты болуп калат.

«Крю Дрэгон» - НАСА үчүн чыгарылган жалгыз менчик кеме эмес. «Боинг» компаниясы да кийинки жылы буга атаандаш «Старлайнер» кемесин космоско учурууга даярданууда. Бул кеменин учкучсуз долбоору быйыл күзүндө орбитага көтөрүлөрү мерчемделген.

NASA «Крю Дрэгон» менен «Старлайнер» америкалык астронавтика үчүн Орусиянын 1960-жылдары чыгарылган «Союз» кемелерин алмаштырат деген максат коюлууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG