Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:24

«Саясий репрессияга каршылык комитети»: Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин атайын созуп жатат


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында.

«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши оппозиционер саясатчыны «тизгиндеп» туруш үчүн атайылап создуктурулуп жатат деп эсептейт.

Уюм 3-августта билдирүү таратып, мындай аракет өлкөдөгү саясий абалга терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин белгиледи. Уюмдун өкүлү Адил Турдукуловдун айтымында, Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бардык шайлоо жараяндарына катышып келген оппозициялык саясатчыга бут тосуу шайлоонун мыйзамдуулугунан шек жаратат.

«Текебаев менен Чотонов мурунку бийлик учурунда саясий негизде камалып, аларга карата репрессия болгону баарына маалым жана муну баары эле таанып келе жатат, - деди ал. - Бирок Текебаевдин азыркыга чейин акталбай жатышы сот системасы азыр деле Ак үйдөн көз каранды экендигин жана бийлик Текебаев менен Чотоновдон чочулап, алардан коркуп турганын экенин билдирет. Алар шайлоо расмий башталганга чейин сөзсүз акталышы керек. Себеби «Ата Мекен» партиясы 30 жылдан бери бардык шайлоолорго катышып келген. Оппозициялык партиянын башчысы акталбай жатканы бул аларга карата бөгөт жана шайлоонун легитимдүүлүгүнөн шек жаратат деп ойлойбуз».

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда. Прокуратура эки саясатчыга коюлган айып негиздүү жана алардын күнөөсү далилденген деп билдирген.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия жарыялаган, алардын арасында «Ата Мекен» да бар.

Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жок экенин айтып жатышат. Ал эми БШК бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда айтты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG