Кыргызстанда 3-августка карата COVID-19 илдетинен 11 бейтап кайтыш болду. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдиргендей, каза болгондордун саны боюнча Бишкек шаары алдыда.
Баш калаада вирус жугузуп алган төрт, Ош шаарында бир, Чүй облусунда бир, Нарын жергесинде бир, Жалал-Абад облусунда үч, Баткенде бир бейтап каза тапты.
Ушуну менен март айынан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1420 адамга жетти.