Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Тажикстанда алтын казгандарды көчкү басты


Сүрөт Шугнов кенинде тартылган.
Сүрөт Шугнов кенинде тартылган.

Тажикстандын Ховалиң районундагы Шугнов алтын кениндеги көчкүдөн эки киши каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-июль күнү кечинде болгон кырсыктан 35 жана 20 жаштагы жергиликтүү эки тургун көз жумду.

Райондук акимчиликтеги өздүк булактын айтымында, кырсыкка мыйзамсыз алтын казып иштеген жергиликтүү тургундардын «коопсуздук эрежелерин» сактабаганы себеп болгон.

Бир ай мурда да Шугнов алтын кенинде 12 жашар өспүрүм көчкү алдында калып каза болгон.

Ховалиң районундагы Шугнов аймагында эки алтын кени бар. Анда сегиз компания иш алып барат. Ошол эле маалда бул кендерде миңдеген жергиликтүү тургун мыйзамсыз алтын казуу менен алектенет.

XS
SM
MD
LG