Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Кесиптик кошуундардын активисттери пикетке чыгышты


Кесиптик кошуундар үйүнүн алдында өткөн акция. 2020-жыл, 3-август.
Кесиптик кошуундар үйүнүн алдында өткөн акция. 2020-жыл, 3-август.

Бишкекте 3-августта Кесиптик кошуундар федерациясынын активисттери акция өткөрүштү. Он чакты адам мекеменин алдына чогулуп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганын «Азаттыкка» Курулуш өнөр жайчылар кесиптик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди.

Анын айтымында, активисттер мамлекет башчыдан кесиптик кошуундар уюмунун айланасында түзүлгөн кырдаалга көңүл буруп, териштирүүнү атайын кызматка өткөрүп берүүнү суранышты.

«Бир топ кылмыш иштери козголгон, - деди ал. - «Биз тарап болобу, тигил тарап болобу, баарын чогултуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитеттин (УКМК) кароосуна өткөрүп бергиле» деген талап менен Сооронбай Шариповичке кайрылдык. Милицияга жана Финполго караганда баарын бир мекеме алса депутаттардын таасири азыраак болот деген ойдобуз. Профсоюздардын ишине байланыштуу жазылган мыйзамдарга да каршылыгыбызды билдирип келатабыз».

Карачалов бүгүнкү акцияга бийлик өкүлдөрүнөн реакция болбогонун, жакынкы күндөрү 20-30 адамдын катышуусу менен Ак үйдү жана Кесиптик кошуундар үйүн айланып, жүрүш уюштурууга, Башкы прокуратурага да барууга уруксат алыш үчүн аракет көрүлөрүн кошумчалады.

Республикалык федерацияга жетекчи болуп 2017-жылы Мирбек Асанакунов дайындалган.

Карачаловдун айтымында, Асанакунов төрагалык кызматтан мыйзам негизинде алынган жана буга быйыл февралда Кесиптик кошуундар бирикмесинин кеңешинин чечими себеп болгон. Бирок макул болбостон ал милицияга кайрылган, азыр ошол арыздын негизинде тергөө жүрүп жатат, уюмду убактылуу жетектөөгө дайындалган кызматкерлер улам сурак берүүдө. Жетекчинин иш бөлмөсү жабык турат, сыртына темир эшик тагылган.

Асанакунов федерацияны мыйзамсыз жетектеп тургандыгы тууралуу арызды Биринчи май райондук, Бишкек шаардык соту былтыр канааттандырып, бирок Жогорку сот быйыл январь айында жокко чыгарган.

25-февралда да Бишкекте Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG