2-августта Сауд Арабиясынын Мекке шаарында быйылкы ажылык жыйынтыкталды. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам бул ирет зыяратка Сауд Арабияда жашаган жергиликтүү жана чет өлкөлүк 10 миңдин тегерегинде адам гана катыша алды.
Демейде ажыга 180 өлкөдөн эки миллиондон ашуун мусулман келчү.
Зыяраттын акыркы күнүндө Минадагы «шайтанга таш ыргытуу» жөрөлгөсү уюштурулуп, ага атайын стерилизацияланган таштар колдонулду. Ошондой эле Кааба ташын айлануу учурунда да аралыкты сактоо милдеттендирилген.
Ажылык мусулмандар үчүн аткарууга милдеттүү болгон беш парздын бири болуп эсептелет.