АКШнын президенти Дональд Трамп 2019-жылы 446 миллион доллар киреше тапкан. Тийиштүү каржылык отчёт АКШ өкмөтүнүн Этика башкармалыгынын сайтына жарыяланды.
Декларацияда Трамптын кирешесинин негизги бөлүгү ага тиешелүү Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясынан ($21,4 млн.), Майамидеги «Doral» курортунан ($77,2 млн.) жана Вашингтондогу «Trump International» мейманканасынан ($40 млн.) түшкөнү көрсөтүлөт.
АКШнын президенти кино, медиа жана китеп сатуу тармагынан да киреше тапкан.
Трамп 2017-жылы президенттикке киришип жатып бардык компанияларындагы кызматтарынан кетерин билдирген. Бизнести башкарууну уулдары Дональд менен Эрикке өткөрүп берген.
Трамп 2015-жылы байлыгы 8 миллиард долларга жакын экенин билдирген. Бирок "Forbes" анын байлыгы мындан эки эсе аз деп баалаган.