Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

«Ислам мамлекети» террордук тобу Ооганстандагы абакка кол салды


Күч түзүмдөрү Желалабад шаарындагы абакты күзөтүүдө. 3-август, 2020-жыл.
Күч түзүмдөрү Желалабад шаарындагы абакты күзөтүүдө. 3-август, 2020-жыл.

2-августтун кечинде Ооганстандын Нангархар провинциясындагы абакта атышуу менен коштолгон жардыруу болду. Кеминде 21 адамдын өмүрүн алып, 40тан ашуунун жарадар кылган чабуулду өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топ уюштурганын билдирди.

Чабуул курмандыктарынын арасында жайкын тургундар, түрмө кызматкерлери жана камактагылар да бар.

Провинция губернаторунун өкүлү Атаулла Хогияни 3-августта үч жоочу жок кылынганын кабарлады. Ал күч түзүмдөрү түрмөнү курчап, жашынган жеринен жоочуларды жок кылуу аракетинде экенин кошумчалады.

Провинциянын борбору Желалабад шаарындагы бул абактан 50дөн ашуун киши качып кетүүгө үлгүрүп, көбү кармалганы расмий кабарланды. Абакта «Ислам мамлекети» жана «Талибан» уюмдарынын 1700дей тарапкери кармалып турат.

XS
SM
MD
LG