Америкалык «Майкрософт» («Microsoft») компаниясы кытайлык «Байтдэнс» («ByteDance») интернет-гигантынан анын «ТикТок» социалдык түйүнүн сатып алууну көздөөдө.
Ак Үйдөгү ишенимдүү булактар Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп алуу-сатуу тууралуу макулдашууга келүүгө 45 күн мөөнөт чектегенин билдирди. Анын алдында Трамп коопсуздуктан улам бул соцтармакты АКШнын аймагында жаап саларын эскерткен.
2-августтагы билдирүүсүндө «Майкрософт» «ТикТок» боюнча билдирүү таратып, «президент көтөргөн маселенин маанилүүлүгүн толук түшүнөрүн» белгиледи.
«Компания «Тиктокту» АКШнын экономикалык пайдасын камсыздоо жана коопсуздукту толук текшерүү шартында сатып алууну көздөйт», деп белгиленген билдирүүдө. Ошол эле кезде «Майкрософт» алуу-сатуу тууралуу келишим түзүлө турганына толук көзү жетпесин да мойнуна алган.
АКШнын коопсуздук кызматтары Кытай бул соцтармакты америкалык жарандар тууралуу жеке маалыматтарды топтош үчүн пайдаланышы мүмкүн деп кооптонуп келишкен.
«ТикТоктун» жетекчилиги бир канча жолу мындай дооматтарды четке кагып, бул платформаны кытай бийлиги көзөмөлдөбөй турганын билдирген.
2018-жылы ишке кирген, кыска видеолорду жүктөөгө жана көрүүгө ыңгайлашкан «ТикТок» түйүнү Кытайда алдыңкы платформалардын бирине айланып, дүйнөдө да атагы чыгып барат.