Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

101 жаштагы карыя коронавирустан айыкты


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын биринде дарыланып жаткан бейтаптар. 6-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу ооруканалардын биринде дарыланып жаткан бейтаптар. 6-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир күн ичинде, 2-августта коронавирустан айыгып, ооруканадан чыккан бейтаптардын арасында 101 жаштагы карыя бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 3-августтагы брифингде билдиргендей, дагы бир 80 жаштагы карыя да вирустан айыгып чыкты.

«Бул медицина кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегинин натыйжасы экенин белгилеп кетсек болот», - деди ал.

Акматова вируска жоопкерчилик менен кароого, оорунун алгачкы симптомдору байкалар замат үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна же 118 түз байланыш номуруна чалууга жарандарды чакырды.

Расмий маалыматка караганда, бир күн аралыгында республика боюнча жалпы 653 бейтап айыкканына байланыштуу ооруканадан чыгарылды. Пандемия башталган март айынан бери өлкөдө вирус лабораториялык жактан аныкталган учур 37129 кишини түздү. Анын 27927 киши айыкты. Коронавирустан каза болгондордун саны 1420 адамга жетти.

Учурда 7792 бейтап стационардык ооруканаларда дарыланып жатат. Алардын эң көбү Бишкек жана Ош шаарларында. Андан кийин Чүй, Ысык-Көл жана башка облустар турат.

XS
SM
MD
LG