Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоочуларды аныктоо тартиби жөнүндөгү нускаманы бекитти. Мекеменин маалыматына караганда, тиешелүү токтом менен бекитилген нускамада шайлоочу добуш бергенде, ал тууралууу маалыматта ката кеткенде же дарегин өзгөрткөндө аны биометрикалык идентификациядан өткөрүүнүн жол-жобосу жазылган.
Шайлоочуну идентификациялоо иши аны биометрикалык маалыматтары боюнча аныктоо аркылуу жүргүзүлөт. Бул үчүн колунун бармактарынын изи, бет түзүлүшү жана базадагы ал тууралуу мурда киргизилген маалымат салыштырылып, текшерилет.
Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген.
Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жок экенин айтышкан. Ал эми БШК бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирген.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда айткан. (RK)