Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Латвия жарандыгы жок адамды кайра Эстонияга өткөрүп берди


Абдрэшид Кушаев.
Абдрэшид Кушаев.

Латвиянын бийлиги өзбекстандык, жарандыгы жок Абдрэшид Кушаевди кайрадан Эстонияга өткөрүп берди. Бул тууралуу Кушаев өзү «Азаттыкка» кабарлады. Эстонияда ал социалдык мейманканага киргизилген. Мейманканада саат кечки 19:00дөн таңкы саат 8:00ге чейин калса болорун, күнүнө бир маал жергиликтүү чиркөөдөн тамактанарын жана азык-түлүк менен камсыз болгонун билдирди. Жумасына бир жолу аймактык полицияга барып, каттоодон өтүп турууга тийиш.

Кушаев Латвияга Эстониядан 7-июлда качып барган. Латыш чек арачылары аны жабык лагерге жайгаштырышкан. Эстон бийлиги өзүн мекенине – Өзбекстанга өткөрүп берет деп чочулап, Латвияга качкан Кушаев ал жакта жарандыгы жок адам – «апатрид» макамын алууга үмүттөнүп жүргөн. Бирок сот аны кайрадан Эстонияга кайтарды.

Кушаев 2015-жылы мартта Өзбекстандан качып чыгып, Казакстан жана Орусия аркылуу Эстонияга барган. 2017-жылдын күз айынан тартып, 2020-жылдын 17-июнуна чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө жашаган. Ал СССРдин паспортун өзбек паспортуна алмаштыра албай, жоготуп алгандан бери башка өлкөнүн жарандыгын алган эмес.

XS
SM
MD
LG