Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

COVID-19: Вирус жуккан учурлар азая элек


Бишкектеги оорукана. 15-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети 412 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 4-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир күн аралыгында вирус жугузуп алган бейтаптардын 114ү Бишкекте, 70и Жалал-Абад облусунда, 43ү Ош шаарында, 41и Ысык-Көл, 39у Ош облусунда, 37си Чүй облусунда, 30у Баткенде, 21и Нарында, 17си Таласта катталды.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1427ге жетти.

Бир күн ичинде ооруканалардан 816 бейтап айыгып чыкты. COVID-19 жалпы 37541 кишиден аныкталып, анын 28 743ү сакайганы айтылды.

XS
SM
MD
LG