Испаниянын мурдагы падышасы Хуан Карлос 3-августта мекенинен чыгып кеткенин жергиликтүү медиа каражаттары кабарлашты. Анын кайсы өлкөгө кеткени азырынча белгисиз.
82 жаштагы Хуан Карлос бул чечими тууралуу уулу жана учурдагы падыша Филипп алтынчыга расмий кабар берген. Испан падышалык үй-бүлөсү жарыялаган катта Хуан Карлос өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу чечимине «жеке адамдык ар-намысы» түрткү болгонун жазган.
Ал 1975-жылы такка отургузулуп, Испанияны диктатурадан демократияга өткөргөн лидер катары таанылып келген. 2014-жылы кызматтан кеткен. Акыркы жылдары мурдагы падыша чуунун чордонунда калган. Жергиликтүү жана швейцариялык басылмалар аны коррупцияга, салык жашырууга, капиталды адалдоого, финансы документтерин жасалмалоого байланыштуу айыпташкан.
Анын ичинде Карлос 2008-жыл Сауд Арабиясынын падышасынан алган 100 миллион долларды Швейцария прокуратурасы иликтей баштаган. Бул сумманын Меккеден Мединага чейинки темир жолду испаниялык компаниялардын курушуна байланышы бар-жогу такталууда.
2020-жылдын жазында Филипп VI атасын жылдык төлөм 194 миң евродон ажыратып, анын мурастарынан баш тарткан.