Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Араб уюмдары Ысык-Көлдүн жээгинде 80 чакырым автожолду оңдоого насыя бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан араб уюмдары берген насыяга Ысык-Көл облусунда 80 чакырымдык автожолду оңдойт. Сауд Арабиясы менен Кыргызстандын ортосунда былтыр кабыл алынган келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлганын президенттин басма сөз кызматы 4-августта кабарлады.

Долбоордун алкагында 2025-жылдын аягына чейин көл жээгиндеги автожолдун Корумду - Балбай Баатыр айылдарынын ортосундагы 104-184,5 чакырымдарында машинелер төрт катар болуп өтө алчу жол тийиштүү инфратүзүмү менен кошо салынат.

Жолду жаңылоо долбоорун ишке ашырууга жалпысынан 128 миллион доллар талап кылынат.

Анын 35 миллионун Сауд өнүктүрүү фонду насыя түрүндө 25 жылга беш жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берет, жылдык пайыздык үстөгү 1% болот.

Калган 93 миллион долларын Кувейттин араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы жана Мунай экспорттоочулардын эл аралык уюму (OPEC) бөлүп берет. Мындан тышкары кыргыз өкмөтү 12 миллион доллар өлчөмүндө каржылайт.

Ал эми Ысык-Көлдүн боюндагы Балыкчы–Корумду жолунун курулушу 2017-жылы декабрь айында аяктамак, бирок кытайлык инвестор тарап менен пикир келишпестиктерден улам бул долбоор толук жыйынтыктала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG